• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

300 миң сом. Баткен облустук сотунун катчысы пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Баткен облустук сотунун катчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштордун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жургузулгөн иш-чаралардын алкагында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту ("Пара алуу") боюнча ири өлчөмдө (300 миң сом) акчаны кайтарып берип жаткан жеринен Баткен облустук сотунун катчысы Х.у.Ш. кармалды.

Ошентип, Х.У.Ш. акчаны алып, соттордо оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө убада берген.

Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий