• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

31-декабрь күнү Чүй проспектиси убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. 31-декабрь күнү Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

"Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат. Себеби, "Ала-Тоо" аянтында кечки саат 20:00дөн баштап түнкү 23:30га чейин концерттик иш-чара өтөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий