• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

31-декабрда автотранспорт каражаттарын ташып кирүүдө салыктардын төмөндөтүлгөн чендери аяктайт

Коом 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. Жеке жактар үчүн автотранспорт каражаттарын ташып кирүүдө бажы алымдарынын жана салыктардын төмөндөтүлгөн чендери ушул жылдын 31-декабрь күнү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык, бажы алымдар жана салыктар бажы органдары тарабынан бажы декларациясын каттоо күнү колдонулган чендерди колдонуу менен эсептелет.

Башкача айтканда, автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын төмөндөтүлгөн чендери 2019-жылдын 31-декабрынын саат 23:59:59 чейин колдонулат.

Ушуну менен бирге, ЕАЭБдин бажы аймагынан өтүүдө бажы органдары тарабынан толтурулган транзиттик декларациянын датасы бажы декларациясы катталган дата болуп саналбайт.

Ошентип, колдонуудагы төмөндөтүлгөн чендер боюнча автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөө үчүн бажы декларациясын бажылык тариздөөгө 2019-жылдын 31-декабрынын саат 23:59:59чейин берүү зарыл.

Автотранспорт каражаттарын ташыган жактардын ыңгайлуулугу жана кезекти болтурбоо үчүн, бажы кызматы тарабынан автотранспорт каражаттарын тариздөө жайларында иш убактысын узартуу боюнча чаралар кабыл алынат.

Маалымат иретинде:

Бажылык тариздөөнү төмөнкү бажы органдарында жүргүзсө болот:

“Түндүк” темир жол бажысы, “Автомобилдик” БТЖ - дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2а.

Түндүк-Чыгыш бажысы, “Автомобилдик” БТЖ - дареги: Военно-Антоновка айылы, Степная көчөсү, “РИОМ Авто” унаа базары.

Пикир

Оставить комментарий