• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

31-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 27-декабрдан 31-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-декабрда Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-декабрда күндүз, 29-30-декабрларда жана 31-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

31-декабрда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн.

27-декабрда, 28-30-декабрларда жана 31-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

31-декабрда күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда күндүз жана 29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-декабрда жана 28-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда күндүз жана 29-31-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

27-декабрда кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда түнкүсүн Чолпон-Ата шаарында бир аз кар жаашы кутүлөт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

28-декабрда күндүз жана 30-31-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-декабрда жана 28-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда күндүз жана 29-31-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий