• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

31-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Эртең, 31-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым убакта 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7 градус.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз 2...4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий