• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

31-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 27-январдан 31-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

27-31-январларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-29-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-январда жана 31-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-январда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-январларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-29-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-январларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-29-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 31-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-январларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-январларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

27-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-январларда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-29-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий