• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

31-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Эртең, 31-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидромет борбору маалымдагандай, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8 градус, Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…7 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус, Нарын облусунда болсо түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус суук болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11 градуска жетет.

Эртең, 31-январда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз 5…7 градус болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий