• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

31-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 31-январга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метре жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7 градус, Талас облусунвда +1...+6, Ысык-Көл облусунда0...+5 градуска чейин жылыса, Нарын облусунда -1...-6 градус суук болору болжолдонду.

Ал эми борбор калаа Бишкек жана Ош шаарында +5...+7 градуска чейин жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий