• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

31-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Эртең, 31-январда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жана күндүз жаан жаап, карга айланат, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ысык-Көл облусунда жана өрөөндөрдө кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Чүй облусунда абанын темперутарасы түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5, Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5 градус болот.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында эртең жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы -1…-3 градус суук, күндүзү 1…3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий