• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

31-июлга чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 26-28-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Ошондой эле синоптиктер жакынкы күндөргө карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

27-31-июль күндөрү Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

27-июлда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-июлда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-июлда күндүз жана 29-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

29-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

30-июлда Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунда жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-июлб күндөрү Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 28-июлда жана 29-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ал эми 30-31-июль күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 27-28-июлдарда 14 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-июль күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

27-июлда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-июлда жана 29-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

29-июлда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

30-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-июлда Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-июль күндөрү Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-июлда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

28-июлда жана 29-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 29-июлда күндүз жана 30-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

30-июлда күндүз жана 31-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-июль күндөрү Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

27-30-июлдарда мезгил-мезгили менен жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 31-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-июль күндөрү Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

27-июлда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 28-июлда жана 29-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

29-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда, 30-31-июларда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий