• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

31-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Эртең, 31-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36, Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34 градус болот..

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 23…28 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градуска жетет.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38 градус ысык болот.

Ал эми борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең, 31-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23 градус, күндүз 34…36 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий