• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

31-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Эртең, 31-июлда синоптиктердин маалыматы боюнча Кыргызстанда жаан жаашы күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,

Эртең Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 33…34 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий