• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

31-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолдордо кар жаайт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 20…25, Таласта 19…24, Ысык-Көлдө 14...19, Нарын облусунда 12…17 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын табы 24…29 градуска чейин ысыйт.

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы күндүз 21…23 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий