• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

31-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Эртең, 31-майда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27, Нарын облусунда болсо түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28 градуска чейин жылуу болот.

Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36 градус, Баткен облусунда болсо түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36 градуска чейин жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15 градус, күндүз 32…34 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий