• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өкмөт республикалык үч айлык ишембилик жарыялады

Коом 0

Бишкек, 02.03.19 /Кабар/. 1-мартынан 31-майына чейин Кыргызстандын шаарларынын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык өтөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Үч айлык өткөрүү жөнүндө чечим президенттин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, КР шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында кабыл алынды.

Жарыяланган үч айлыктын алкагында төмөнкү иш-чаралар камтылган:

- көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү;

- администрациялык жана турак жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү;

- көчөлөрдө түнкү жарыктандырууну орнотуу;

- тосмолорду, дувалдарды талаптагыдай түргө келтирүү;

- жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү;

- калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү;

- муниципалдык жолдорду оңдоо;

- социалдык чөйрөнүн жана айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо.

Пикир

Оставить комментарий