• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

31-мартка карата республикалык штабдын маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. 31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учуру аныкталды. Бардыгы болуп өлкөдө 107 учур катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Белгилей кетсек, коронавирус жуктурган 107 адамдын ичинен 3 адам оорудан айыккан.

31-мартка карата республикалык штабдын маалыматы:

- Коронавирус бар бейтаптардын ичинен үчөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир киши жасалма дем алуу аппараты менен дем алууда.

- Өткөн суткада саат 20:00дөн 07:00гө чейин борбор калаада коменданттык саатты бузган 137 кармалды: 116 эркек, 18 аял жана 3 өспүрүм. 25-марттан бери жалпы 876 адам кармалган.

- Бишкек шаарында кошумча чектөөлөр киргизилди:

1. Жарандардын жана унаалардын кыймылы чектелди;

2. Конокко барууга болбойт;

3. Балдар улуулардын коштоосу жок көчөдө жүрө албайт;

4. Шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалардын иши убактылуу токтотулду;

5. Банкттар саат 10:00дөн 16:00гө чейин иштейт, филиалдардын жарымы жабылышы керек;

6. Жумушка (кайра үйгө), азык-түлүктөрдү алууга, дарыканага (1,5 чакырым радиусунда) жана ооруканага чыкса болот;

7. Өзгөчө абал учурунда уруксат берилген ишмердүүлүктүн тизмеси аныкталды.

- 1312.tunduk.kg электрондук уруксат берүү системасы ишке кирди, суроолорду 1312 ыкчам байланыш номерине узатса болот.

- Салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мөөнөтү 1-октябрга чейин, коммуналдык кызматтарды төлөө үч айга, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу 2021-жылга жылдырылды, ошондой эле тамак-аш азыктарынын дефицитин жана баалардын өсүшүн болтурбоо боюнча иш жүрүүдө.

- 30-март 17:00гө карата коронавируска каршы күрөшүү үчүн администрацияланган эсепке 55,8 млн сом түштү. Каражаттардын бир бөлүгү медкызматкерлерге кошумча акы төлөөгө багытталды.

- Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейин токтотулду. ЖРТны өткөрүү мөөнөтү жылдырылат.

- Видео сабактарды көрсөтүү боюнча телеканалдар менен биргеликте иштер жүрүп жатат. "Баластан" телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү көрсөтүүлөр чыгарылып турат. Алардын ичинде балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн видео сабактар бар.

- Билим берүү жана илим министрлиги бардык окуучулар үчүн электрондук материалдарды иштеп чыкты. Башталгыч класстар үчүн электрондук материалдарды Ibilim порталынан тапса болот, ал эми 5-11-класстарга арналган материалдар "Билим булагы" порталына жүктөлдү.

- Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы азык-түлүктөрдүн бааларын, алардын жетиштүүлүгүн текшерип, баалардын туруктуу экендигин белгилешти.

- Бишкек жылуулук тармактары ишканасы март айында жылуулуктун баасы төмөн болорун билдирди. Акы 1-18-март жана 25-31-март күндөрү, жалпы 25 күн үчүн алынат.

- Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле активдүү жана кайдыгер эмес жарандар оор кырдаалда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаж болгон социалдык аярлуу топторго, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү үчүн "Жардам штабы" кыймылына биригишти.

- Ош шаардык ооруканасынын медицина кызматкерлерине 5 тонна ун берилди.

- Медиктер кыргызстандыктарга кайрылып, коронавируска каршы күрөшүүдө аларда көмөктөшүү үчүн үйдөн чыкпоого чакырышты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий