• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

31-октябрга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 27-октябрдан 31-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-октябрда күндүз жана 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-октябрда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, 29-октябрда түнкүсүн жаан карга айланышы мүмкүн.

29-октябрда күндүз жана 30-31-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-октябрда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-октябрда күндүз жана 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-октябрда күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

27-октябрда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-октябрда күндүз жана 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

31-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

27-октябрда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

30-31-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29-октябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-октябрда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-октябрда күндүз жана 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-октябрда күндүз жана 30-31-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий