• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

31-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Эртең, 31-октябрда өлкө аймагында түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,

Талас облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 12...17,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11,

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 13...15 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий