• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

325 окуучу 10 предмет боюнча таймашууда — республикалык олимпиада башталды

Билим 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-мартта мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV этабы (республикалык) башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Олимпиаданын ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болуп, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты.

Олимпиаданын IV этабында (республикалык) III этапта (облустук) алдыга озуп чыккан 325 окуучу төмөндөгү 10 предмет боюнча таймашууда:

  • окутуу кыргыз тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты;
  • окутуу кыргыз тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты;
  • окутуу орус тилинде болгон мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты;
  • англис тили;
  • математика;
  • информатика;
  • физика;
  • химия;
  • биология;
  • география;
  • тарых.

Олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий