• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Атамбаев жылытуу мезгилине дыкат даярданууну тапшырды

Президент 0

Бишкек, 09.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-сентябрда, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн энергетикалык системасынын иштеши жана аны алдыдагы жылытуу мезгилине даярдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Улуттук энергетикалык холдинг компаниянын төрагасы Айбек Калиев ошондой эле өлкөнүн энергетикасын мындан ары чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты. Тактап айтканда Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иштердин жүрүшүнө токтолушту. Мындай кадам станциянын кубаттуулугун 240 МВтка жогорулатууга шарт түзүп, анын пайдалануу мөөнөтүн кыйлага узартат.

Мамлекет башчысы Улуттук энергетикалык холдинг компаниянын жетекчисине күз-кыш мезгилинде туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында энергетикалык системаны алдыдагы жылытуу мезгилине дыкаттык менен даярдоо үчүн өз мезгилинде чара көрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий