• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

35 бала бакчаны кайтарып алуу аракети көрүлүүдө, анын 11 мамлекеттик органдар ээлеп турат – Өмүрбекова

Коом 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. Азыр 35 бала бакчаны кайтарып алуу аракети көрүлүүдө, анын ичинде мамлекеттик органдар ээлеп турган 11 имарат бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеӊеште мамлекеттик мекемелерге мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган, менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттардын абалы жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта бала бакчаларда орун жетишпей жатат, ошондон улам өкмөт буга чейин менчиктештирилип кеткен же башка мамлекеттик органдарга берилип калган мурдагы бала бакчалардын имараттарын кайтарып алуу аракетин жасоодо.

«Азыр 35 бала бакчанын имаратын кайтарып алуу аракети көрүлүүдө. Анын ичинде, Бишкек шаарында мамлекеттик органдар ээлеп турган 11 бала бакчанын имараты бар. Иликтөө жүрүшүндө айрым имараттар жараксыз абалда экен. Азыр эки имарат кайтарылып алынды. Эми Октябрь жана Ленин райондорунун салык кызматтарын башка жерге которуу маселеси турат. Ал үчүн жарандарды тейлөөгө ыӊгайлуу болгон имараттар изделүүдө», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Депутаттар ордо калаанын борбордук бөлүгү өткөн кылымда эле курулганын эске салып, айрым мектептерге жаӊы имарат куруп берүү маселесин көтөрүштү.

Депутат Марат Аманбаевдин айтымында, борбордогу «24, 13, 2, 76 мектептердин авариялык абалда турат.

«Тилекке каршы, акыркы 3 жылда мамлекеттик бюджеттен бир тыйын да каражат бөлүнбөгөндүктөн, Бишкек шаарында бир дагы мектеп курулган жок. Эмне үчүн мындай мамиле жасалып жатат?», - деген собол салды ал.

Вице-премьер-министр бюджеттен бөлүнгөн каражаттар негизинен жаӊы конуштардагы мектептердин курулушуна жумшалганын белгиледи.

«Буюрса, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ачылган банк эсебине түшкөн каражаттын эсебинен Бишкек шаары менен Чүй облусундагы бир катар мектептердин имараттары оӊдоо жана кошумча курулмалар куруу мерчемделүүдө. Алардын тизмеси кийинчерээк такталат», - деди Өмүрбекова.

Белгилей кетек, Жогорку Кеңештин “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттарынын, орун жайларынын жана курулмаларынын абалы жөнүндө” токтомунун аткарылышы боюнча өкмөттүк саат өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий