• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

№ 35 жатак абагында бош орундардын жарманкеси өттү

Коом 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №35 жатак абагында бош орундардын жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарманкеге абакка кесилгендер, жатак абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар, эркинен ажыратылбай жаза мөөнөтүн өтөгөндөр катышты. Жумуш бере турган мекемелер: «Тепличный», «Бишкеклифт», Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди калыбына келтирүүчү борбору, «Автомашрадиатор» ишканасы жана «РАУФ» тигүү цехи.

Абакка кесилгендер жумуш берүүчүлөр менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин, кайсы тармакта иштээрин тез эле аныкташкан.

Жумуш орундарына өткөн жарманке “Абакта жаткандардын санын азайтуу” долбоорунун алкагында уюштурулган. Ал мурда кесилип чыккандардын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

Долбоор “Эл аралык абак реформасы” (PRI) мекемесинин колдоосунда ЖАМК жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте ишке ашырылат.

Алгачкы жарманке ушул жылдын февраль айында № 32 жатак абагында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий