• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

36 жашка чейин! "Барселона" клубу Месси менен келишимди узартууну көздөп жатат

Спорт 0

Бишкек, 23.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Испаниялык "Барселона" клубу чабуулчу Лионель Месси менен болгон келишимин 2023-жылга чейин узартууну көздөп жатат. Бул тууралуу ESPN телеканалы билдиргенин Sports.ru басылмасы жазат.

Аргентиналык оюнчунун учурдагы келишими 2021-жылга чейин түзүлгөн. Эгер жаңы келишимге кол коюлса, Мессинин карьерасында "Барселона" клубу менен болгон онунчу келишими болот.

"Барселона" клубунун жетекчиси Жозеп Бартомеу Мессинин агенти болгон анын атасы менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Учурдагы келишими менен "Барселона" Мессинин келишимин 2022-жылга чейин узартса болот. Бирок, Бартомеу чабуулчу менен жаңы 2023-жылга чейин келишим түзүүнү көздөп жатат.

Белгилей кетсек, аргентиналык оюнчу өз карьерасын "Барселона" клубунан баштаган. Ал 2004-жылы аталган командага келген, 687 оюн өткөрүп 603 гол жараткан.

Пикир

Оставить комментарий