• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

3нөн 5-апрелге чейин күндүзү Бишкек-Торугарт жолунун 108-чакырымы жабылат

Коом 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018- жылдын 3-апрелинен 5-апрелге чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу Башкы Башкармалыгы тарабынан саат 8-00дөн 22-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.

Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

“Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабылалуусун суранабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий