• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

4-10-декабрга карата жылдыз төлгө

Дүр дүйнө 0

Кой

Сиздин жашооңузда тынч мезгил орноду. Мындан ырахат алып жашап туруңуз, анткени жакында өзгөрүүлөр башталат. Жакын адамдарыңызга карата сабырдуу болуңуз – чыр-чатактардан болушунча качыңыз. Коңшуларыңыз менен дагы этият болуп, алардын сиздин ачууңузду келтирген бардык аракеттерине көз жуумп коюңуз.

Букачар

Кокусунан пайда болгон каржылык кыйынчылыктар адеп көрүнгөндөй олуттуу болуп сезилбейт. Кабатырланбай кое туруңуз! Төлөмдөрдүн так планын түзгөндө, карыздардан кыска мөөнөттө кутуларыңызды түшүнөсүз. Ошондой эле жакындарыңыз дагы жардам берет.

Эгиздер

Жуманын аягында сиз талашка түшөсүз. Үй-бүлөңүз, досторуңуз жана кесиптештериңиз дагы көңүл бурууңузду талап кылышат.
Баарлашуудан качпаңыз: сиз маанилүү маалымат аласыз. Бирок эч нерсени жүрөгүңүзгө жакын албаңыз – сиздин организм али алсыз, нервдик чыңалууларга даяр эмес.

Чаян

Сиз эмоциялык коргонууга умтуласыз. Бул жашоонун кайсы тармагына: ишке, жеке мамилелерге, достук алакаларга таандык экени маанилүү эмес. Ошондуктан чала тааныш адамдарга жан дүйнөңүздү ачуудан сактаныңыз. Жеке жашооңуздун сырларын жада калса, досторуңуздан жашырганыңыз оң.

Арстан

Чыгармачыл идеялар кызыктуу долбоорлордо жана үйүңүздү ирээтке келтирип, жайгаштырууда ишке ашат. Кыска убакытта сиз үйүңүздө көп нерсени өзгөртө аласыз. Сизди сүйгөн адамыңызга болгон – учурда туу чокуда турган сезимдериңиз шыктандырат.

Бийкеч

Ири сатып алууларда, айрыкча насыяны кийинкиге калтыра туруңуз. Сиздин каржылык абалыңыз начар. Жагдайды татаалдантуунун кереги жок. Кесиптештер менен мамиле курч болот. Бирок балдарыңыз сизди кубандырат. Аларга бош кечтериңизди арнап, балдарыңыздын жашоосу тууралуу көп жаңы нерселерди биле аласыз.

Тараза

Бул жума ири сатып алууларды жүргүзүү үчүн кыйла ийгиликтүү. Буга байланыштуу Таразалар өз бюджетин кайра карап чыгып, майда баратка сарптоону токтотушу керек. Балдарга өзгөчө көңүл буруңуз. Алардын теңтуштары менен мамилесинде кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Сиздин колдооңуз керек болот.

Бөйөн

Сиз көптөгөн жаңы нерселер тууралуу билип, кызыктуу адамдар менен таанышасыз. Окууну баштагандар үчүн, айрыкча математика жана башка так илимдерди үйрөнгөндөр үчүн ийгилик алып келүүчү учур. Мындан тышкары, изилдөөчүлөрдү, медиктерди, маркетологдорду жана соода тармагындагыларды ийгилик күтөт.

Жаачы

Жаачыларга баардык иште ийгилик күтөт деп ишенимдүү айтуу кыйын. Бирок айланадагылар сизге тоскоолдук кылганына карабастан, көздөгөнүңүзгө жетесиз. Ар кандай жагдайда сабырдуу, токтоо болуу керек. “Сабыр жана эмгек баарын жеңет” – дегенди эсиңизде сактаңыз. Бул сиздин иш күндөрүңүздүн девизи болсун. Ошондой эле эс алганды да унутпаңыз.

Текечер

Аптанын алгачкы күндөрү жеке жашооңуз үчүн анчалык ийгиликтүү болбошу мүмкүн. Бирок, буга кабатырлануунун кажети жок. Себеби абал турукташып, сиздин үйдө кайрадан тынчтык орнойт. 6-декабрда өз ден соолугуңузга кам көрүп, көп күч жумшоочу иштерге киришпеңиз.

Суу пери

Ишиңизде максатыңызга жетип, жамааттагы өз ордуңузду бекемдөө үчүн туруктуулук көрсөтүшүңүз керек. Үй-бүлөдө дагы эс ала албайсыз. Жакындарыңыз менен мамиледе кандайдыр бир чыңалуу сезилип турат. Ал эми саламаттыгыңыз жагынан – мыкты формадасыз.

Балык

Жумушуңуздан берилген тапшырмалар чыгармачылыкты талап кылат. Өзгөчө болуңуз, ошондо жетекчилик сиздин аракеттериңиз үчүн сөзсүз сыйлык берет. Балдарыңызга карата катуу болгонуңуз жакшы: ошондо гана алар сиздин айтканыңызды угуп, өкүнүп кала турган катачылыктарды кетиришпейт.

Пикир

Оставить комментарий