• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

4-8-мартта республика аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 4-8-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 4-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 5-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.

6-мартта, 7-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-мартта күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-мартта түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 8-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий