• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

4-апрель. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы:

- Коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 6 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.

- "Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медицина кызматкерлери дагы бар. Кечээ алар сегизөө болчу, бүгүн дагы бирөө кошулуп, коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны тогузга жетти", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов.

- Коронавирус жуктуруп алган 9 медкызматкердин ичинен: Жалал-Абад облусунда – 7, Бишкекте – 1, Ош шаарында – 1.

- Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.

- Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 96,9 млн сом келип түштү.

- Бүгүнкү күндө Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК)алдындагы ыкчам IT-штаб тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген: өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурс – www.covid.gov.kg; Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс – www.hidoctor.kg.

- МТБМК тесттик режимде санарип көндүмдөргө үйрөтүү боюнча Digiskills платформасын ишке берди.

- "Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жана ЖРТ өткөрүү мөөнөтү өлкөдөгү кырдаалдын бүтүшүнө жараша болот", - деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

- Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу маселелери боюнча ыкчам жардам көрсөтүү тобун түздү. Ал жактан мугалимдер, окуучулар менен ата-энелер тиешелүү маалымат, кеңеш ала алышат.

Байланыш номерлери:

Жалпы жана уюштуруу маселелери боюнча – 0550-512-075;

Техникалык маселелер боюнча – 0550-801-026.

- Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапарынын алкагында Ош жана Жалал-Абад облусундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди.

- "Кыргыз Республикасынын аймактарындагы жазгы-талаа иштери эч кечиктирилбестен жана кыйынчылыксыз өтүүгө тийиш. Тармактык мамлекеттик органдарга тийиштүү көлөмдө үрөн, жер-семирткичтер, техника менен камсыз кылуу жана талаа иштерин өз убагында ишке ашыруу тапшырылды", - деп билдирди республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

- "Пенсия өз убагында төлөнөт. Почта кызматкерлери ар бир пенсионердин үйүнө алардын пенсияларын жеткирип беришет. Бул боюнча кабатыр болбоого чакырам", - деп билдирди КР Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев.

- Комендатуранын бардык буйруктарын комендатуранын жана жакын арада 1312.tunduk.kg сайтынан көрө аласыздар.

- 38,5 млн сом коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга тартылган медициналык кызматкерлерге кошумча төлөөгө жумшалат. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынган.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий