• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

4-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасында 4-9 метрден, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19, Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус болот. Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус.

Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19 градус болушу ыктымал.

Бишкек шаарында күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10 градус, күндүз 17…19 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий