• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

4-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Эртең, 4-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 32…37 градус, Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32 градус ысык болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26 градус, Нарын облусунда болсо түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38 градус ысыйт.

Эртең, 4-августта борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий