• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

4-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-августта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

ӨКМден билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28...+33, Талас облусунда +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл облусунда +23...+28 жана Нарын облусунда +24...+29 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +31...+33 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий