• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

4-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. 30-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

1-декабрда жана 2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-декабрда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда күндүз жана 4-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий