• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

4-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Эртең, 4-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет. Кыргызгидромет борборунан кошумчалашкандай, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда, түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33, Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32 градус.

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 20...25 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33 градуска чейин жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градуска жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий