• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

4-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Эртең, 4-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29

Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 26...31,

Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,

Ош облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,

Эртең Бишкек түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 27…29 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий