• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

4-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган адамды кармоодо жардам берген окуучулар сыйланды

Коом 0

Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Милиция кызматкерлери №73 мектептин дааратканасынан 4-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган адамды кармоого жардам берген жогорку класстын окуучуларын сыйлашты.

Жалпы мектептик чогулушта милиционерлер кызды куткарууда көмөк көрсөткөн эр жүрөк балдарга ыраазычылык билдирип, ардак грамота жана белектерди тапшырышты.

Милиция кызматкерлери айланасындагылардын өмүрүн жана ден-соолугун сактап калууга ар бири өз салымын кошо ала тургандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий