• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

4-майдан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо улантылат – билим берүү министри

Билим 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. 4-майдан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо улантылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

"4-майдан 15-майга чейин каттоону улантууну көздөп жатабыз. Каттоо негизинен бүтүп калган. Бирок кандайдыр бир себептер менен каттала албаган балдарга 15-майга чейин катталууга мүмкүнчүлүк берели деп жатабыз", - деп ал, тестирлөөгө катышууну каалаган окуучуларды убагында каттоодон өтүүгө жетишүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктамак. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу каттоо убактысы кийинкиге калтырылган.

Пикир

Оставить комментарий