• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

4-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Эртең, 4-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19, Талас облусунда түнкүсүн 1…3, күндүз 16…18 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

Ал эми Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7 градус, күндүз 17…19 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий