• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

4 мамлекеттик жана коомдук ишмерге "КРнын Баатыры” наамын ыйгаруу сунушталды - алар кимдер?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Мамлекеттик жана коомдук ишмерлер С.Ибраимов, Н.Исанов, И.Ахунбаев, Т.Кулатовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгаруу сунушталды. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында бир катар депутаттар билдирип чыгышты.

Депутат Акылбек Жапаров КР президенти Сооронбай Жээнбековдун белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгын белгилөө салтанатында эгер парламент тиешелүү мыйзамга түзөтүү киргизсе, ага “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгаруу берүү сунушун колдоого алууну кесиптештерин чакырып өттү. Ошону менен катар, депутат тунгуч премер-министр Насирдин Исановго жана КР Улуттук илимдер академиясынын алгачкы президенти, жүрөккө алгачкылардан болуп операция жасаган чебер дарыгер Иса Ахунбаев дагы жогорудагыдай наамга татыктуу экенин кошумчалады.

Ал эми депутат Канатбек Исаев дагы мамлекет башчысы тарабынан көтөрүлгөн демилгени колдоого алып, Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргиши керектигин белгиледи. Эл өкүлү Султан Ибраимовдун Кыргызстан үчүн жасаган эмгектерин тизмектеп, мындай наам Кыргыз ССР Жогорку Советин Президиумун төрагасы кызматында 33 жыл иштеген Төрөбай Кулатовго да ыйгарылышы керектигин билдирди.

Мындай олуттуу демилгелерди депутат Таалайбек Масабиров дагы колдоду.

Пикир

Оставить комментарий