• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

4-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек 04.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-мартта, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13...+18, Талас облусунда +11...+16, Ысык-Көл облусунда +7...+12, Нарында +1...+6 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы 15...+20 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы күндүз +15...+17 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий