• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

4-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Эртең, 4-мартта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшөт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16 градус жылуу болот.

Эртең, 4-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4 градус, күндүз 11…13 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий