• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

4 миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашап жатат – ӨКМ жер көчкү коркунучу тууралуу

Коом 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Республиканын аймагында өтө кооптуу табигый процесс болгон 4554 жер көчкү катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1186 жер көчкү 543 калк жашаган конуштарга, 321 объектиге (жолдорго, көпүрөлөргө, электр линияларына) коркунуч жаратат. Ал эми жалпы 3103 дарыянын жээктеринде, сел жүрүүчү сайларда 2503 кооптуу зоналар, участоктор катталган.

“2020-жылдын башынан 8-майга чейин министрлик тарабынан республиканын аймактарындагы кооптуу участкаларда жалпы 719 изилдөө иштери аткарылып, анын ичинен 463 изилдөө иштери жер көчкү процесстерине жүргүзүлдү: Ош облусу – 250 жалпы, 160 жер көчкү (Алай-83, Өзгөн - 47, Кара-Кулжа -17, Кара-Суу- 8, Ноокат -5); Жалал-Абад облусу - 378 жалпы, 280 жер көчкү (Сузак - 248, Аксы–25, Базар-Коргон - 9);Баткен облусу - 62 жалпы, 20 жер көчкү; Башка региондор – 29 изилдөө, 3 жер көчкү.

Аткарылган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү сунуштарды камтыган корутундулар чыгарылып, алардын негизинде министрликтин облустук, райондук түзүмдүк бөлүктөрү тарабынан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды аткаруу, кооптуу аймактарда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү коопсуз жерлерге көчүрүп чыгаруу үчүн райондук мамлекеттик администрацияларга, тийиштүү айыл аймактарынын башчыларына 4290 атайын эскертмелер берилди”, - деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кошумчалашкандай, министрликтин адистери тарабынан берилген эскертмелерди аткарбай, кооптуу аймактарда жашап жаткан калктын арасында жер көчкүлөрдүн кооптуулугу, алардан жер көчкү кооптуу аймактардан тез арада коопсуз жерлерге көчүп чыгуу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Республиканын аймагында 3909 үй-бүлө кооптуу аймактан көчпөстөн жашап жатат, анын ичинен Ош облусунда 2406, Жалал-Абадда 1367 үй-бүлө.

Пикир

Оставить комментарий