• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

4-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 31-октябрдан 4-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

31-октябрда, 1-3-ноябрларда жана 4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-ноябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-ноябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

31-октябрда, 1-3-ноябрларда жана 4-ноябрда тункүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-ноябрда күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

31-октябрда, 1-3-ноябрларда жана 4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-ноябрда күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-ноябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

31-октябрларда, 1-3-ноябрларда жана 4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-ноябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-ноябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

31-октябрда, 1-3-ноябрларда жана 4-ноябрда тункүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

4-ноябрда күндүз жаан жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 4-ноябрда күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

31-октябрларда жана 1-4-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-ноябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий