• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

4-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-сентябрдан 4-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-сентябрда эртең менен, күндүз жана 1-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-октябрда күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-октябрда Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-сентябрда күндүз жана 1-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

2-4-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-сентябрда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-4-октябрларда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-2-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

30-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-октябрда күндүз жана 3-4-октябрларда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-сентябрда жана 1-2-октябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 3-октябрда күндүз жана 4-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий