• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

4-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Эртең, 4-октябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда, Чүй, Талас облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22, Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19, Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18 градус жылуу болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, жана Баткен облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болуп, жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10 градус, күндүз 20…22 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий