• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

4-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 4-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15...+20, Талас облусунда +13...+18, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +19...+24, Нарын жана Ысык-Көл облустарында +14...+19 градус жылуу болот.

Абанын температурасы Бишкек шаарында +18...+20 градус болору күтүлөт. Борбор калаада мезгил-мезгил менен жаан жаайт.

Пикир

Оставить комментарий