• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

4-сентябрда ЖКнын VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы өтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылышы 2018-жылдын 4-сентябрында өтөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” КР мыйзамынын 34-беренесине ылайык парламенттик сессия ушул жылдын сентябрь айынын биринчи иш күнүнөн кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы №117 Токтомуна ылайык мамлекеттик жана муниципиалдык уюмдарда, мекемелер менен ишканаларда 5 күндүк иш тартибинде иштегендер үчүн 2018-жылдын 7-майындагы эс алуу күнү 2018-жылдын 3-сентябрына которулган.

Буга ылайык 3-сентябрь эс алуу күнүнө туура келгендиктен, 4-сентябрда VI чакырылыштын кезектеги сессиясынын ачылышы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий