• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

4-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Эртең, 4-сентябрда күндүзү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түнкүсүн тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25 градус, Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28 градус.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16 градус, күндүз 23…25 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий