• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

4 жашар бала 5-кабаттан кулап каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25-май /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 4 жашар бала кулап түшкөн 5-кабаттагы батирде анын 22 жаштагы тууганы болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн эртең менен Бишкек шаарынын Геология көчөсүндө көп кабаттуу үйдө кырсык катталган. 4 жашар бала 5-кабаттагы батирдин терезесинен кулап түшүп, алган жаракаттарынан улам ошол жерден каза тапкан.

Милициядан билдиришкендей, бул учурда батирде анын 22 жаштагы тууганы болгон.

“Баланын сөөгүн койгон соң, тергөө жүргүзүлүп, чоо-жайы аныкталат”, - деп билдиришти ШИИБден.

Пикир

Оставить комментарий