• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

4 жылдан бер дайынсыз болгон Бактыбек Өмүралиев изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, ​​​​​​22.05.19. /Кабар/. 4 жылдан бер дайынсыз болгон Бактыбек Өмүралиев изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайк, 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин Свердлов райондук ИИБне 54 жаштагы К.С., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтуусунда, баласы Өмүралиев Бакытбек Дүйшенбекович (02.09.1987-ж) 2015-жылдын 15-июлунда болжол менен саат 23:00дөр чамасында Бишкектеги "Учкун" кичи районунан чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Азыркы учурга чейин анын кайда экендиги белгисиз.

Белгилери: бою 165-170 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы кара, сакалы бар, көзү кара, талма оорусу менен жабыркайт.

Бактыбек Өмүралиевдин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондорго чалып коюңуздар: 102, 0(553) 102 387, 0(703) 222 622, 0(702) 498 888, 0(772) 847 336.

Пикир

Оставить комментарий