• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат – Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда билим тармагында эмгектенген 400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат.

Кыргызстандагы билим берүү тутумунун кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, бекемдөө жана социалдык, жеке-мамлекеттик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында билим берүү министри Каныбек Исаков жана “Дордой офтальмик-сервис” көз микрохирургиясы медициналык борборунун башкы директору Асизбек Эшмамбетов атайын келишимге кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

"Ага ылайык, өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын 400 кызматкерине көз катарактасын алуу жана башка көз ооруларын жок кылуу үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операциялар акысыз жасалат. Билим берүү кызматкерлеринин катаракта жана башка көз патологиясын текшерүү үчүн офтальмологдордун тобу түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий