• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

400дөн ашуун адам Кырчын капчыгайындагы таштандыларды тазалап жатышат

ДКО 2018 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында 400дөн ашуун адам таштандыларды тазалап жатышат. Бул жерде үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 1000ден ашык боз үй тигилип, этношаарча уюштурулган.

Туризм департаментинин башчысы Азамат Жаманкулов билдиргендей, тазалоо иштерин ыктыярчылар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Тазалыктын” жана башка маморгандардын кызматкерлери жүргүзүп жатышат.

“Капчыгайдагы тазалыкты сактоо – бул башкы артыкчылыктардан”, - деп билдирди Жаманкулов. Ошондуктан этношаарчадагы маданий иш-чаралар аяктагандан кийин дароо тазалоо иштери башталган. Капчыгайдагы таштандылардын бардыгы тазаланып, чогултулган соң сыртка чыгарылат.

Эске сала кетсек, Кырчын капчыгайындагы ири маданий программа 3нөн 6-сентябрга чейин уланды.

Пикир

Оставить комментарий